Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Район.
Райондун борбору Араван айылында жайгашкан.
🇰🇬 Араван-Бурин районунун борбору 1934-жылы Ош шаары болгон. 29-октябрь, 1958-жылы Жаңы-Ноокат районунун аймагынын бир бөлүгү Араван районуна кошулган. Араван району 1935-жылы Ош облусунун курамында түзүлгөн. "Араван" - сөзүнүн келип чыгуу тарыхы Улуу Жибек жолуна барып такалат,арабдар Араванда токтоп, Араван сайынан суу ичишкен, ал эми сай суусу таза жана раван аккандыгынан улам Абу Раван деп аталып калган, кийинчерээк Араван болуп кеткен.
🏛️ Араван району ВКП(б) Кыргыз обкому жана Кыргыз АССРнин Эл комиссарлар Советинин атайын токтомунун негизинде 1935-жылы жаз айларында өз алдынча район болуп уюштурулган. 1963-жылы Ноокат районуна бириккен. Кайра 1965-жылы март айында өз алдынча район болду.
📜 Уламыштарга караганда, өз учурунда атактуу кол башчы Искендер Зулкайнар (Александр Македонский) Аравандын Чарбагында болуп, анын түптөлүшүнө негиз салган экен. Ал эми атактуу Манасчыларыбыз бул чарбакта Манас бабабыздын түнөп кеткендигин жана Улуу Жибек Жолунан өткөн жол башчылардын, кербендердин, эс алуу жайы болгондугун баяндап кетишкен. Араван району алтын колдуу пахтачылары, бейиштин мөмөлөрүнө тең бак-дарактарды өстүргөн багбандары, өнөрпөз, эмгекчил, боорукер инсандары, мөл-түр кашка тунук Араван-сайы, «Дул–Дул-Ат», «Чил-Устун» (Кырк ус-тун) тоолору, «Чарбак» сыяктуу ыйык жерлери менен айырмаланып турат.
🕰️ Дагы бир уламышта Араван бизге чейинки I-IV кылымдарда гүлдөп өнүккөн Дабан мамлекетинин карамагында болгон. Бул мамлекет өзүнүн учкул аттары менен даңктанып келген. Азыркы Аравандын аймагында ошол мезгилде туркий жерлик «Аргу» уруусу жашаган. Кытайлар алардын «Аргума» аттарын сатып алышкандыгынан кийинчерээк бул сөз Араван болуп айтылып калса керек дешет.
📚 «Араван» деп аталуу тарыхы жөнүндө баяндасак, бул жөнүндө түрдүү миф жана уламыштар бар. Алардын бириндеги айтылышына караганда,«Араван» сөзү фарс тилиндеги «Об-равон» (Суусу тунук, тегиз) деген сөздөн келип чыккан. Дагы бир уламышта Араван бизге чейинки I-IV кылымдарда гүлдөп өнүккөн Дабан мамлекетинин карамагында болгон. Бул мамлекет өзүнүн учкул аттары менен даңктанып келген. Азыркы Аравандын аймагында ошол мезгилде туркий жерлик «Аргу» уруусу жашаган. Кытайлар алардын «Аргума» аттарын сатып алышкандыгынан кийинчерээк бул сөз Араван болуп айтылып калса керек дешет.
👑 Араван районунун өнүгүп-өсүшүнө өз учурунда районго башчылык кылган Айтматов Төрөкул 1931-1933-жылдары партиянын Араван-Буура райкомунун 1-секретары, Б.Ибрагимов, Я.М. Ахунов, А.Исмаилов, М.Махамадов, Э.Жусуев, А.Бостонов, С.А.Тургунов, Ш.Ж.Артыков, К.Т.Шайназаров, П.К.Мурзабарамов, К.Г. Айтибаев иштешип райондук экономиканын жогорулашына өздөрүнүн олуттуу салымдарын кошууга жетишишти. Учурда Араван райондук мамлекеттика администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаев эмгектенүүдө.
Райондун жерлери мал багууга ылайыкташтырылбагандыктан,Араван эли дыйканчылык жана соода-сатык менен алектенишет. СССР учурунда Ош облусун 25% пахтасын өстүрүп жана аны кайта иштешкен.
Араван району түштүгүнөн Ноокат району, чыгышынан Кара—Суу району, түндүгүнөн Өзбекстан Республикасы менен чектешет. Ноокат району бөлүп турган эки эксклавдан — кичирээк Батыш Аравандан жана чоңураак Чыгыш Аравандан турат.
2022—жылдагы Кыргызстандын калкын каттоо боюнча райондун калкынын саны 141 560 тургунду түзгөн.
Өзбектер - 58.7%
Кыргыздар - 39.6%
Башка улуттар - 1.7%
🏠 Адреси: 723100, Кыргызская Республика, Ошская область, Араванский район, ул. Ленина, 1
📞 Телефону: 0(3231) 51217
📧 Электрондук почтасы: Rga.aravan@mail.ru
Кулубаев Сейтек Дөөлөтбекович
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким 🎗️
Ахматов Аскарбек Исматуллаевич
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары
Осмонов Бактыбек Арапбаевич
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары
Юсупов Аброрбек Мухтаржанович
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси
2022—жылдагы Кыргызстандын калкын каттоо боюнча райондун калкынын саны 141 560 тургунду түзгөн.
Акжол Махмудов
Дуйнө чемпиону, грек-рим күрөшү
Санталатхон Юсупова
Социалистик эмгек баатыры
Дилором Рафикова
Социалистик эмгек баатыры
Хабиб Абдуллаев
Академик, Геолог
Мухаммаджон Мамасаидов
Академик, Физик
Усмон Темур
Акын
Алла Анаров
Социалистик эмгек баатыры
Хайитбой Аноров
Социалистик эмгек баатыры
Тойчи Кочубаев
Социалистик эмгек баатыры